super.kg logo

Айсулуу Тыныбековага берилген батирди кайтарымсыз кылуу маселеси чечилди

 

Бишкек шаардык кеңеши конфискацияланган муниципиалитеттин курамындагы үч бөлмөлүү батирди Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевден конфискацияланган Москва көчөсүндөгү үч бөлмөлүү батирге ээ болду. Мындай чечим кечээ, 2-декабрда шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынган.

"Бишкек шаардык кеңеши конфискацияланган муниципиалитеттин курамындагы үч бөлмөлүү батирди Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык токтом кабыл алынды", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 2019-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган. Бирок көп өтпөй Москва көчөсүндөгү батир Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мүлкү конфискациялангандан кийин шаардын менчигине өтүп кеткени белгилүү болгон.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы Айсулуу Тыныбекованын кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон жогорку салымын эске алуу менен ага берилген үч бөлмөлүү батирди кайтарымсыз негизде ыйгаруу боюнча токтом долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңешке кароосуна жөнөткөнү кабарланган.

Бул масленин тегерегинде бир жыл бою түрдүү талаш-тартыштар жүрүп келген. Аягында шаардык кеңеш бардык талаштуу суроолорго чекит койду.








Президенттикке талапкерлердин саны суюлууда, кол топтогондор жана жарыштан четке чыккандар

Автор: Айжанар Рыспек кызы
Оператор: Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: