Премьер-министрдин милдетин аткаруучу шайлоо алдында БУУнун колдоосуна ишенет




Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо алдында Кыргыз өкмөтүнүн жана бийликтин бардык институттарынын ишинде сиздин колдооңузга ишеним билдиребиз. Биз ошондой эле бардык өнөктөштөр менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары эл аралык көмөктөштөрдүн көмөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым программаларын ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө өбөлгө түзүп бере алат. Алсак, ишкерлик тармакты колдоого алуу, мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көмөк бере алат", - деп белгиледи премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа берерин белгиледи.
Пикирлешүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин басып өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана кызматташуу боюнча маселеси талкууланды.

