Өлкөдө 200 миңге жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 32 миңи балдар
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамытов өз кайрылуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири экендигин белгилеген.
"Мамлекет тарабынан жыл сайын ушул күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө коомчулуктун көӊүлүн бурдурган иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоого көмөк көрсөтүү жана аларды социалдык коргоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылууда", - деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары президенттин милдетин аткаруучу бүгүнкү күндө өлкө боюнча 193 миң 700 адам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, алардын 32 миңи жаш балдар экенин белгилеген.
"Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоонун пассивдүү чараларынан ар кандай социалдык төлөмдөр түрүндөгү активдүү чараларга өтүүгө тийиш", - деп билдирген Талант Мамытов өз кайрылуусунда.

