super.kg logo

Өлкөнүн аймактагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарына 19 унаа берилди (фото)

 

Бүгүн, 3-декабрда республикадагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна Нива үлгүсүндөгү 19 санитардык унаалары тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аталган иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Нурболот Усенбаев жана башка бир катар жетекчилер катышты.

Маалыматка ылайык, бул унаалар Дүйнөлүк банктын COVID-19 долбоорунун алкагында сатылып алынды.

“Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясы башталгандан тартып саламаттыкты сактоо системи чоң сыноолорду башынан өткөрүп келе жатат. Техникалык-материалдык каражаттардын эскилиги жана тартыштыгы негизги маселе болду. Бүгүнкү тапшырылып жаткан унаалар медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетип, жер-жерлерде эпидемиологиялык иликтөөлөрдү ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.

Бөлүштүрүү планына ылайык, санитардык унаалар Ош шаарындагы жана Нарын, Ысык-Ата, Панфилов, Кемин, Жети-Өгүз, Тоң, Токтогул, Кара-Көл, Кара-Буура, Таш-Көмүр, Ак-Суу, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Кызыл-Кыя, Алай, Өзгөн, Чоң-Алай райондорундагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна таратылып берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.12.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нива, жигулиден арыла албай койдук го
04.12.2020. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корсо СЕСда бизге керек экенда ээ?
04.12.2020. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул орустун газели менен ладасын качанга чейин плабыз
04.12.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунун баасына эскирээк болсо да япон унаасын(CRV) алсанар кобуроок кызмат кылмак...Кызыгы мындан да кымырып калдынар болуш керек,скорый помощь унааларындай кылып...баасын тактап жазсанар билинмек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: