Ош. Облус аймагында акыркы суткада 2 өрт кырсыгы болду
Акыркы суткада Ош облусунун аймагында 2 өрт кырсыгы катталды. Кара-Суу районунун Зар-Байлык айылында пахта кабыл алуучу жайда 300 килограмм пахта күйүп кетти. Буга электр жабдууларын туура эмес пайдалануу себеп болуптур. Ал эми Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну О.Нишановго таандык 6 тонна жыйылган чөп өрттөнүп кеткенин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

