super.kg logo

БШК: "Шайлоо күнүнө карата 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү урна даярдалды"

 

Президенттик шайлоого карата автоматтык эсептөөчү урна даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов БШКнын маалымат жыйынында билдирди.

"Шайлоого даярдык боюнча айта кетсем, техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Себеби, 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү урна жана тиешелүү идентификациялык каражаттар даярдалды. Чет жакта жана өлкө ичинде жалпы 2 миң 500гө жакын шайлоо участкалары түзүлдү. Ар бир шайлоо тилкесинде 2ден автоматтык эсептөөчү урна коюлушу керек. Мындан тышкары 800гө жакын автоматтык эсептөөчү урна резервде турат. Чоң райондорго орто эсеп менен 25-30га чейин, андан кичирээк райондорго 8ден 14кө чейин автоматтык эсептөөчү урна берилет", - дейт Бекматов.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: