Президенттик шайлоо: Арстанбек Абдылдаев БШКга 47 миң 998 кол тапшырды
Президенттик шайлоого талапкер Арстанбек Абдылдаев 47 миң 998 кол топтоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек.
Акыркы маалыматтар боюнча Арстанбек Абдылдаевден тышкары БШКга Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев жана Аймен Касенов чогултулган тизмени өткөрүп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
-2

