Азамат Эсенбеков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты
Чүй облусунун Москва районунун экс-акими Азамат Эсенбеков президенттик шайлоого катышуудан баш тартты.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бугүн, 3-декабрда Азамат Эсенбекович Эсенбеков БШКга 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Базарбай Темишов, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Бакытбек Жумагулов шайлоого катышуудан баш тартышкан.
Президенттикке талапкерлердин саны суюлууда, кол топтогондор жана жарыштан четке чыккандар
Автор: Айжанар Рыспек кызы
Оператор: Равшан Тойчиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

