super.kg logo

Окуучулардын кышкы каникулун узартууну министрлик колдогон жок

 

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникул убактысын узартуу сунушун колдобойт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү процесси дистанттык түрдө окуу планынын негизинде жүргүзүлөт жана ал үчүн атайын сааттар бөлүнгөн.

ул сааттарды окуу процессинен алып салуу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги каникул убактысын узартуу демилгесин колдобойт.

Ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министрлик Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгына мүмкүн болсо мектепке келбей, үйдөн сабак өткөн мугалимдердин коопсуздугун максималдуу түрдө камсыз кылууну сунуштайт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, кечээ 2-декабрда депутат Валентина Лисниченко ата-энелер онлайн окутуудан чарчаганын, балдар арасында суицид көп катталып жатканын белгилеп, кышкы каникулду 14-декабрдан 2021-жылдын 17-январына чейин узартууну, андан кийин салттуу режимде окутууну баштоону сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: