Алмазбек Атамбев кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады
Президент Алмазбек Атамбев кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Куттуктоо сөзүндө улуу муундун жасаган эмгектери ар бирибиздин жүрөгүбүздө деген мамлекет башчы:
“Сиздер согушка туруштук берип, жеңиш алып келдиңиздер. Мекенге болгон сүйүүңүздөр, ондогон жылдар арасында күжүрмөн эмгегиңиздер менен мамлекетти бутуна тургуза алдыңыздар. Сиздер жаралуу жылында жашадыңыздар. Шаар, айылдарды, жол, мектептерди куруп, завод жана гидроэлектростанцияларда Кыргызстандын келечеги үчүн иштедиңиздер. Мамлекет муну унутпашы керек. Бийлик карыларды колдоп, жардам берүүгө милдеттүү. Сиздерге ден соолук, узун өмүр, бакыт каалайм”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

