Бишкекте милиция кызматкерлери кароосуз көчөдө жүргөн баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти
Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлери кароосуз көчөдө жүргөн баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен кароосуз жүргөн бала табылган. Ошол замат өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы баланы бөлүмгө алып келип, аты-жөнүн тактаган.
Анда ал 2009-жылы туулган М.Ж. аттуу бала болгон. Ата-энеси чакыртылып, аман-эсен өткөрүлүп берилген. Өз убагында милиция кызматкерлерине баланын жакындары ыраазычылыгын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.