super.kg logo

Президенттин милдетин аткаруучу: "Манас" эпосу элибиздин эбегейсиз зор энчисине айланган Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу"

 

Бүгүн, 4-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз элин "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улутубуздун улуулугу тили менен маданиятында. Ал эми кыргыз улутунун тили менен маданияты кылым карыткан улуу "Манас" эпосунда. Түпкүлүктүү кыргыз элинин басып өткөн жолун, карт тарыхын сактаган эпосубуз - улутубуздун нарк-насилин, салт санаасын, үрп-адатын, терең маданиятын жана жашоо образын бүтүндөй камтыган кайталангыс руханий кенчибиз. Дүйнө эли баасын берип эпосубузду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын шедеври катары тааныды.

Демек, мындай бүтүндөй бир улуттун ким экендигин аныктап, муундан-муунга өтүп келген мурасыбызга өтө астейдил мамиле жасоо - ар бир Кыргыз жаранынын милдети жана парзы.

Мындан туура 25 жыл мурда, канчалаган улуу инсандарыбыз көксөп белгилей албай келген "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси да дүйнөнү дүңгүрөтүп белгиленди. Бул күн кыргыз тарыхында өзгөчө орунду ээледи. Ал эми 2013-жылы "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган дал ушул 4-декабрь күнү да өзгөчө тарыхый күн катары бааланып, "Манас" эпосунун күнү деп аталып, майрамга айланды.

Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары - даанышман окумуштуулар калтырган таберик мурасты аздектеп, ага таазим кылабыз.

Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого, келечек муундарга жеткирүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз. "Манас" эпосуна аяр мамиле жасоо кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө чоң түрткү берип келет", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: