super.kg logo
  Саясат  

Президенттик шайлоо. Талапкер Самат Ибраевдин кол тамга чогулткан барактары кайтарылды

 

Президенттикке талапкер Самат Ибраевдин шайлоочулардан кол тамга чогулткан барактары кайтарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, талапкердин шайлоочулардан чогулткан кол тамгалары белгиленген 30 миңдик чекке жетпегендиктен БШКнын президенттикке талапкерлерден кол тамга коюлган барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу барактарды кайтарганы маалымдалат.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: