Вице-премьер "Ак-Жол автожол" пунктун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди






Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо ишинин 68 пайызы бүтүп калды.
Вице-премьер-министр "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.
Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады.
"Кыргыз мамлекетине келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан аткарылып жаткан иштер эл аралык стандарттарга жооп берип, андагы имараттар жана курулмалар заман талабына жараша жасалгаланышы шарт", - деди Равшанбек Сабиров.
Вице-премьер-министр "Ак-Жол автожол" пунктун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

