super.kg logo
  Саясат  

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов иш сапары менен Москвага барат

 

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвада иш сапары менен болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз-Орус алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: