super.kg logo
  Саясат  

Эмне үчүн Садыр Жапаров ырайым берген 230 адамдын тизмеси жарыяланбайт? Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жообу

 

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатканда ырайым кылып, анын жарлыгы менен абактан чыккан 230 адамдын тизмеси жарыяланбайт. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиясынын катчылыгынын адиси Светлана Бондарева брифингде билдирди.

Маалым болгондой, аталган брифинг "Садыр Жапаров кимге ырайым кылды? 230 соттолуучунун бошотулушу" деген аталышта түз эфирде болуп өттү.

Брифингдин жүрүшүндө Светлана Бондаревага: "Эмне үчүн Жапаров ырайым берген 230 кишинин тизмеси жарыяланбайт?" деген суроо узатылды.

"Бул жашыруун маалымат. Бирөөлөр тууралуу жеке маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Жарлык өзү президенттин сайтына жарыяланат", - деп жооп берди Бондарева.

Мындан тышкары, ырайым берүү президенттин мыйзамдуу укугу экени жана ал каалаган адамына ырайым бере алары кошумчаланды.

Маалым болгондой, 18-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруу учурунда ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык абактан 230 адам бошотулганы жана 38 соттолгон адамдын мөөнөтү кыскартылганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: