super.kg logo

Жүрөктү оозго кептеген жол кырсыгы. Өзгөндө 6 жашар кызды унаа учура сүздү (видео)

 

Ош облусунун Өзгөн районунда жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жеңил унаа 6 жашар кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрь күнү саат 11:30 чамасында болгон. Анда айдоочу Өзгөн районунда жеңил унаа менен 6 жашар кызды сүзүп кеткен.

"Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну Б.К. Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаасын батыштан чыгышка карай башкарып бара жатып, 6 жаштагы Х.Я. аттуу кызды сүзүп алган. Натыйжада жабырлануучу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда кыздын абалы канааттандырарлык, ал эми тергөө иштери улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.12.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Малдар, пешеходко келгенде скоросту азайтып, адамдарды откоргуло да, Тико айдап алсанар эле асманда калкып калбай.
04.12.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи биздин Кыргызстанда жоо адам отуучу отмоктон,бир дагы шофер токтоп откозуп койбойт,кайра ошол жерге келгенде катуулап калышат,бирдемеден кур калгансып,
04.12.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда жаш бала эмес чоон эле мен жолдон откондон корком пешеход болсо да, кандай келсе ошондой отуп кетишет копчулук шофёрлор,ошол жерден эле билсе болот бизде закон канчалык денгээлде иштегенин.
05.12.2020. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы орусиядан барып калып Бишкеке, жол эрежесин эчким аткарбашына кубо болдум, Айрыкча четтен барсан билинет экен. Отмоктон олдум же калдым деп отуп журдум кээ жердерден.
05.12.2020. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол эрежесин сактабайт бизде.
Пешеходко камера койуш керек
Штрафты күчөтүү керек,ошондо жөө жүргүнчүлөдү өткөрүп калабыз...антпесе сигнал берип сөгүнүп(машинанын ичинде) өтүп кеткенче шащасын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: