super.kg logo

Финпол: "Ошто өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдоо фактысы аныкталды"

 

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы Кең-Сай конушуна электр кубатын курууда жумуштун көлөмүн жогорулатып, мамлекеттик бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен "Э" ачык акционердик коомунун ортосунда жалпы 200 миллион сомго жакын каражатка Кең-Сай конушуна электр энергиясын тартуу боюнча келишим түзүлгөн. Өз кезегинде, "Э" ААКсы аталган келишимдин негизинде, "С.Т" ЖЧКсы менен кайра келишим түзүп, келишимдин негизинде "С.Т" ЖЧКсы жабдууларды жеткирүү жана жалпы курулуш иштерин жүргүзүү милдетин алган.

Келишимдин негизинде ЖЧК 82 миллион 600 миң сомго 2 трансформатор жеткирип берген. Бирок, бул трансформаторлордун иш жүзүндөгү баасы болжол менен 10 миллион сомду түзөт. Мындан улам жеткирилген эки трансформатордун наркы дээрлик 8 эсе жогорулатылып, келтирилген зыяндын суммасы алдын-ала 73 миллион 400 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы бир сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул сыяктуу факты боюнча "С.Т." ЖЧКсынын жетекчиси кармалып, СИЗОго киргизилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Азыркы учурда бул факты боюнча башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда. Ошол эле учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(3)
04.12.2020. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец кустургула элдин акчасын кайтарып беришсин
04.12.2020. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сыймык Садырдан кийинки президент болот буйруса!
04.12.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыңар !!!! Кара суу районунун Сары колот айыл өкмөтүн да текшериш керек. Жегичтер өтө көп деп угам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: