Жалал-Абадда алгачкы жолу эргежээл адамдар чогулуп, таланттарын тартуулашты (фото)









Жалал-Абад облусунда алгачкы жолу эргежээл адамдар чогулуп, өз таланттарын тартуулашты. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата өткөн иш-чараны өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана "Бирдиктүү багыт" майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясы уюштурган.
Ага район-шаарлардан келген 22 эргежээл адам катышып, ыр-бий менен өз таланттарын көрсөтүштү. Демилгеге "Элим барсыңбы?!", коомдук кайрымдуулук фонду, Улуттук Кызыл Ай коому көмөктөшүп, мындагыларга белектерин тапшырды.
Иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомдук турмушка тартуу, колдоо жана өнүктүрүү багытындагы аракеттер ар дайым улантышарын айтты. Аларга ден соолук каалап, мындай жолугушуулар таланттарын ачып, өнүктүрүүгө шарт түзөрүн билдирди.
Жалал-Абад облусунда жалпы 41 эргежээл адам бар.



1 |