super.kg logo

Орусияда коронавируска каршы эмдөө алуу үчүн электрондук жазылуу башталды

 

COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн Москвадагы медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана шаардын социалдык кызматтарында иштегендердин электрондук кезекке жазылуусу башталат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жазылуу үчүн эртең мененки саат 8:00дөн тарта жогоруда айтылган кызматкерлер mos.ru порталы аркылуу жазылса болот.

Эмдөөнү кимдер ала алышат?

Учурда коронавируска каршы вакцина москвалыктарга, анын ичинен өтө тобокел топко кирген жарандарга гана берилет. Алар күнүгө көп сандаган адамдар менен байланышта болгон шаардыктар. Булардан сырткары медициналык кызматкерлер, педагогдор, шаардык социалдык мекемелерде иштегендер эмделет.

"Препараттын келип түшүшүнө карата азырынча айтылган категориядагылар, андан кийин акырындап бардык шаардыктар алса болот. Эмдөө өнөкөт оорусу жок, 18ден 60 жашка чейинки коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноо иштерине катышпаган, акыркы бир айда сасык тумоого каршы вакцина албаган адамдарга жасалат. Андан сырткары Москвадагы бейтапканаларда каттоосу барларга да тийиштүү. Кош бойлуулар менен бала эмизгендерге эмделүүгө болбойт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин вице-премьер Татьяна Голиковага келерки аптада вакцинациялоо боюнча масштабдуу иш баштоону тапшырган. Анын айтымында, 2 миллион доза вакцина жакынкы күндөрү даяр болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: