super.kg logo

ЮНИСЕФ Кыргыз өлкөсүнүн мектептерине 30 миң литрден ашык антисептик каражаттарын берди

 

ЮНИСЕФ Кыргыз өлкөсүнүн мектептерине 32 миң 965 литр антисептикалык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, антисептикалык каражаттарды райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт.

“Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз өлкөсүндө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн жасап жаткан аракеттерине кошулганыбызга кубанычтабыз. Балдар коопсуз чөйрөдө классташтары, мугалимдери менен чогуу окууну каалашат деп үмүттөнөбүз”, - деди ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча адиси Марико Като.

Марико Като ЮНИСЕФ Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү менен мындан ары дагы кызматташуусун улантарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: