super.kg logo

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Новиков өз сөзүндө пандемиядан кийинки мезгилде ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн экономикасынын мындан ары өнүгүшү кабыл алына турган чаралардан жана алардын туруктуулугунан түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.

"Өлкөлөр тарабынан болуп көрбөгөндөй чаралар жана чектөөлөр менен кабыл алынган аргасыз "кулпулоонун" кесепеттери бизди күч менен 4 даражадагы эркиндиктин чектелишине жана соода менен инвестициялардын олуттуу кыскарышына, ишкердүүлүктүн төмөндөшүнө жана өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келет. Пандемиядан кийин дүйнө мурдагыдай болбой турганы айдан ачык, ошондуктан глобалдык жана ички чакырыктарга биздин мамилебиз учур талабын эске алуу менен оңдолушу керек.

Өнүгүүнү прогрессивдүү сценарий жана интеграцияны тереңдетүү боюнча жаңы чечимдерди иштеп чыгуу зарыл. Жакынкы 5 жылга интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган биримдиктин 2025-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикасын чыңдап, бирликтин дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү менен эл аралык кызматташтыктын чектерин кеңейтет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана алдыга коюлган максаттарга жетип, дүйнөлүк кризистен чыгууга болот", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
05.12.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Новиков бирок жаш болгонуна карабай тажрыйбасы жогору экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: