super.kg logo

Артём Новиков: "Социалдык обочолонуу чараларынын киргизилиши менен экономиканы санариптештирүү деңгээли жогорулады"

 

"Санариптик экономиканы өнүктүрүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикалык гана эмес, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат", - деп премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"COVID-19 санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн катализатору катары анын жашоо чөйрөсүнүн бардык тармактарында кеңири колдонуусуна өбөлгө түздү. Вирустун пайда болушу жана социалдык обочолонуу чараларынын киргизилиши менен экономиканы санариптештирүү деңгээли жогорулады. Санариптик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу чек араларды басып өтүп, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана тоскоолдуктардын алынуусуна алып келет. Санариптик технологияны өнүктүрүү жолу бирдиктүү тейлөө рыногун курууда ар кандай тоскоолдуктарды жана чектерди жоюу үчүн негиз түзөт", - деп эсептейт өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артём Новиковдун пикиринде, биримдиктин ички рыногундагы тейлөө секторун либералдаштыруу үстүндө ишти күчтөндүрүү зарыл.

"Санариптик күн тартип алкагында "Чек арасыз иш" долбоору иштелүүдө, ал жалпы эмгек рыногун түзүүгө, жумушчу күчтүн эркин жылуу процессин тездетүүгө жана эмгек ресурсунун мобилдүүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт. Бирдиктүү тейлөө рыногун уюштуруу ишинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын ыраатташтыруу боюнча иш-чараларды гана жүргүзүү эмес, бирикме өлкөлөрүндөгү тейлөө көрсөтүү жана сунуштоону либералдаштыруу жана кайрадан жөнгө салуу чараларын да кабыл алуу керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: