Депутат: "Катардагы лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыкса, 35 жыл иштеген мугалим 4 миң 900 сом пенсия алат экен"
"Катардагы лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыкса, 35 жыл иштеген мугалим 4 миң 900 сом пенсия алат экен" деп 4-декабрда депутат Акылбек Жапаров парламенттик угууда билдирди.
Депутат Акылбек Жапаров келерки жыл өтө оор болору күтүлүп жатканын айтып, Финансы министрлиги реформаларды жасашы керектигин белгиледи. "Эмне үчүн генерал-чиновниктердин пенсиясынын кошумча акчасын алып салууну сунуштап жатасың деп менден сурап жатышат. Генерал же бир убакта чоң кызматта иштеген чиновниктер айына 38-40 миң сом менен пенсияга чыгат. Ага кошумча 18 миң кошумча төлөнөт, элестетиңиздер. Бул мыйзамдар Советтер Союзунан калган. Алар 35 жашынан пенсияга чыгат. Пенсия менен эле тим болбой мамлекеттик кызматка орношуп алышып, айлык дагы алышат. Ошол эле маалда катардагы жөнөкөй лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыгат. Мектепте 35 жыл жан үрөп иштеген мугалим 4 миң 900 пенсия алат экен", - деди депутат.


Эмне үчүн элдик депутатпыз деп койюшуп,эң эле көп айлык ушулардыкы!
Жеп ичкендери санабай эле кой!
Эч кимге артыкчылык берилбесин.40 мин сом менен пенсияга чыккан генерал менен 4 мин сом менен пенсияга чыккан мугалим бирдей эле кызмат кылса керек.Эмне кылган кызматы учун генералдыкы жогору?
Тендеп койгула анда!