super.kg logo

Кыргыз өлкөсү БУУнун марихуананы кооптуу баңгизаттардын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимине каршы добуш берген

 

Кыргыз өлкөсү Бириккен улуттар уюмунун марихуананы кооптуу баңгизаттардын тизмесинен чыгаруу боюнча чечимине каршы добуш берген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда БУУнун комиссиясы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

"Комиссияга мүчө болуучу 25 мамлекеттин арасынан Кыргыз Республикасы бул чечимге каршы добушун берген. Анткени каннабиске жана анын азыктарына көзөмөлдөө чараларын начарлатууга багытталган бардык аракеттер, он миң гектардан ашуун аймагында каннабис өскөн Кыргыз Республикасындагы баңгилик кырдаалга терс таасирлерин тийгизет.

Комиссия кабыл алган чечимдин терс кесепеттерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын 39-беренесин жетекчиликке алууга ниеттенүүдө. Анткени ал бул келишимге караганда көзөмөлдөөнүн катуу чараларын көрүүгө укук берет.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Баңгизаттар боюнча комиссиясынын бардык мүчөлөрү, анын ичинен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин кээ бир сунуштамаларын колдоп чыккан мамлекеттер, БУУнун баңгизаттарга каршы негиздөөчү конвенциясын жетекчиликке алуу менен, каннабисти рекреациялык максатта мыйзамдаштырууга каршы экендигин белгилешти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: