"Чек арадан товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат" дейт премьер-министрдин милдетин аткаруучу





Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков чек арадан товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскарта турганын айтты. Бул тууралуу ал Нарын облусундагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун, бажы кызматынын маалыматтык тутумунун иши менен таанышты.
Анын айтымында, транспорттук каражаттарды фиксациялоо, эсепке алуу, адамдык факторду четтетүү максатында аларды маалымат базасына киргизүү боюнча айрым сын-пикирлер бар.
"Эки айдан ашуун убакыттан бери кытай тарап менен чек ара аркылуу транспорттук каражаттарды өткөрүү көлөмүн жогорулатуу боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жакын арада кытай тарап "Эркеч-Там – Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу макулдашууну тастыктады, ага ылайык, көзөмөл-өткөрүү пункту күн сайын 12 сааттан, анын ичинде дем алыш күндөрү да иш алып барат. Мындан тышкары, кампа инфраструктурасын, товарларды жүктөө үчүн атайы крандарды орнотуу маселеси чечилди. Биз жакын арада бул иш жүргүзүлөт деп ишенебиз. "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча абал бир аз башкача. Мында бийик тоолуу аймак болгондуктан кыргыз тараптын транспорттук каражаттарды дезинфекциялоосун камсыздоо боюнча инфраструктураны кайда жайгаштыруу боюнча орун, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуу көлөмүн жогорулатуу максатында чек арадагы товарларды кайра жүктөөнү камсыздоочу аянттарды карадык. Бул процесс түшүнүү менен кабыл алынууда", - деди Артём Новиков.
Көзөмөл-өткөрүү пунктун барып көрүүдө премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Артём Новиков бир жумалык мөөнөттө өлкө ичинде санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарлардын жүрүү тобокелдигин четке кагуу максатында товарларды жүктөө, дезинфекциялоо, ташуу, электрондук коштомо документтерди тариздөө, өткөрүү пунктунун чегинде товарларды бажылык тазалоо, кошумча мүмкүнчүлүктөр боюнча бирдиктүү алгоритмди аныктоону тапшырды.
"Мен "Торугарт-Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү тапшырмасын бердим. Бажы тутумун модернизациялоонун алгачкы жыйынтыктарын бажы кызматынын борбордук аппаратындагы товарларды эсепке алуунун бирдиктүү операциялык борборун ишке киргизүүдө көрөбүз деп ишенип жатабыз. Аталган борборду ачуу тапшырмасы берилген жана бүгүнкү күндө ал иш жыйынтыкталуучу стадияда турат. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин борбордун ачылышына жана тийиштүү өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ойлойм", - деп жыйынтыктады Артём Новиков.


Мурун кайда жүрдүң эле? Эми иштегиле жумуштун майын чыгара!