Нариман Түлеев боюнча сот иши 8-октябрга жылды
Бишкек шаардык соту бүгүн, 1-октябрда мурдагы мэр Нариман Түлеев боюнча сот ишин 8-октябрга жылдырды. Буга сот отурумуна айыпталуучулардын бири, мэриянын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Билим Токтобековдун келбегени себеп болду.
Жактоочу Баки Кулдашевдин айтымында, Билим Токтобеков учурда Республикалык психикалык ден соолукту чыңдоо борборунда дарыланууда.
Эске салсак, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык иштерде айыптуу деп табылды. Аны менен кошо иштеген айыптоочулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

