super.kg logo

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу дары каражаттарынын наркына мониторинг жүргүзүү маанилүү экенин айтты

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Коронавирус инфекциясына байланыштуу республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аймактардагы жаңы медициналык мекемелердин курулушун тез арада аяктоо керек.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча иштин багыты өкмөт үчүн өзгөчө маанилүү. Кыска убакыттын ичинде аймактардагы медициналык мекемелерде бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы орундарды камсыз кылуу зарыл. Ошондуктан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Нарын шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты 70 орунга ылайыкталган. Объектте бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү керек.

Медициналык мекеме керектүү жабдуулар, инвентарлар менен жабдылууга, ошондой эле тиешелүү кызматкерлер жана дары-дармектер менен камсыз болууга тийиш", - деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артём Новиков жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берип, облусту дары-дармек, тест-системалары жана жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду.

"Ошондой эле аймактагы дары каражаттарынын наркына мониторинг жүргүзүү маанилүү. Кырдаалды туруктуу негизде көзөмөлгө алгыла. Эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишине жол берилбеши керек", - деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу 92 пайызга бүттү. Желдетүү, жылытуу, өрткө каршы системалар орнотулууда, ошондой эле имаратты ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: