Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Нарын облусунун жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешме өткөрдү




Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, райондук жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жакынкы мезгилде жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу жыйынтыкталат деп ишенебиз. Курулуш иштерин каржылоо жаатында белгилүү финансылык кыйынчылыктар бар. Бул маселе өкмөт тарабынан иштелип чыгат жана каржылоо боюнча бардык милдеттенмелер аткарылат. Күн тартибиндеги экинчи маанилүү маселе – бул кыш мезгилинде электр энергиясын эч кандай үзгүлтүксүздүккө учуратпоо, жер-жерлердеги калкты отун менен тийиштүү камсыздоо болуп саналат", - деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.
Артём Новиков белгилегендей, облуста дары-дармектердин баасын мониторингдөө жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда аймакка медикаменттердин кошумча партиясы жеткирилет.
Кеңешменин жүрүшүндө облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, өнөр-жай ишканаларынын ишине, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга, инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө тийиштүү маселелер талкууланды.
"Мал чарба тармагы облусту өнүктүрүүнүн локомотиви боло алат. Биз аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү менен алектенишибиз керек. Биргелешкен план иштелип чыгып, тийиштүү иштер башталат", - деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

