Түркияда акыркы суткада COVID-19 илдетин 32 миңге жакын адам жуктуруп алды. Сутка ичинде өлүмдүн рекорддук саны катталды

Өткөн суткада Түркия коронавирус жуктургандардын арасында өлүмдүн рекорддук саны катталды. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өткөн суткада өлкөдө COVID-19 менен 196 адам каза болду - бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. 17-ноябрдан бери каза болгондордун саны күн сайын 100дөн ашты, каза болгондордун жалпы саны 14 миң 705ке жетти.
Түркияда акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын 31 миң 896 учуру аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 533 миң 198 адамды түздү.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жарлыгы менен өлкөдө 30-ноябрдан тарта күн сайын коменданттык саат киргизилген. Иш күндөрү саат 21:00дөн 05:00гө чейин жашоочулардын кыймылы чектелет. Дем алыш күндөрү көчөгө чыгууга таптакыр тыюу салынган. Ал эми мончолор, сауналар, бассейндер жана спорт залдар 1-декабрдан тарта жабылган.
Мындан тышкары, соода борборлоруна келүүчүлөрдүн саны чектелип, алар санариптик код менен гана ичине киргизилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Almazhhhh

06.12.2020. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо дуйно жузундо жалаан ден соолугу чын адамдар кала турган болтабы.
Barsa84

06.12.2020. 12:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Almazhhhh,ажалы жоктор жашай турат убагы келгенче.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.