Англия Премьер Лигасы: "3 мүнөттө 2 гол". "Манчестер Юнайтед" конокто 3:1 эсебинде жеңишке ээ болду

Оюн кечээ, 5-декабрь күнү болуп 3:1 эсеби менен конокто "Манчестер Юнайтед" командасынын жеңиши менен аяктады. Жеңүүчүлөрдүн арасынан Пол Погба, Мейсон Гринвуд жана Маркус Рашфорд гол киргизсе, биринчи эки гол үч мүнөттүн ичинде экинчи таймда киргизилди.
Үй ээлеринин дарбазасына Томас Соучек гол киргизди.
Муну менен "Манчестер Юнайтед" командасы 19 упай топтоп чемпиондукта 4-орунга чыгууга мүмкүнчүлүк алды. "Вест Хэм" 17 упай менен, жетинчи орунда. Ал эми 12-декабрда "Манчестер Юнайтед" өз үйүндө "Манчестер Сити" командасы менен ойнойт. Бир күн мурун "Вест Хэм" клубу "Лидс" менен беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.