Англия Премьер Лигасы: "Манчестер Сити" командасы биринчи жолу эки оюнда катары менен жеңишке жетти

Оюн кечээ, 5-декабрда орун алып, 2: 0 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөрдүн арасынан Кевин де Брюйне менен Рахим Стерлинг гол киргизишти. Эки гол тең биринчи таймда киргизилген.
Муну менен "Манчестер Сити" командасы 18 упай топтоп жана турнирдик жадыбалда төртүнчү орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк алды. Клуб ушул сезондо биринчи жолу катары менен эки беттеште жеңишке жетишти.
Премьер-Лигада жаңы оюн көрсөтүп жаткан "Фулхэм" жети упайга ээ болуп, 17-орунда турат.
Кийинки турда "Манчестер Сити" "Манчестер Юнайтед" менен конокто ойнойт. Ал эми "Фулхэм" бир күндөн кийин өз үйүндө "Ливерпулду" кабыл алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.