super.kg logo

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

 

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу чечим бүгүн, 6-декабрда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, мандатты кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө чечимин бекитүү токтомун кабыл алды.

Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Таалайбек Калмурзаевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен келишпей турган башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Маматразак Калмурзаевге берилди.

Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Гайратжон Каюмовдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Адылбек Мендибаевге ыйгарылды.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Каныбек Ыбышевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иши менен бирге алып кетүүгө болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Таалайбек Мыктыбековго берилди.

Нарын шаардык кеңешинин депутаты Анара Бердикожоеванын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты убактылуу иштебеген Гүлзат Нурманбетовага тапшырылды.

Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешинин депутаты Манас Осмоналиевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иши менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка баргандыгына байланыштуу жеке арзынын негизинде токтотулуп, мандаты фермер Нурсултан Бактыбаевге берилди.

Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Марс Ашировдун ыйгарым укуктары анын депутаттык иши менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты жеке ишкер Талантбек Ибраимовго тапшырылды.

Баткен облусундагы Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Зиядалла Базарбаевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты кадастр кызматынын башкы адиси Асанбай Жороевге берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: