Голливуд актёру Том Круз космоско учууну пландап жатат

Маалыматка ылайык, актёр өз планын ишке ашыруу үчүн ири суммадагы акча коротууга даяр жана буга чейин АКШнын Улуттук Аэронавтика жана Космос башкармалыгынын (НАСА) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алар өз кезегинде Крузду бул миссияны ишке ашырууга болот деп ишендиришкен.
Май айында миллиардер Илон Масктын SpaceX компаниясы космосто дүйнөдөгү биринчи боевик киносун Круздун катышуусу менен тартууну чечкени белгилүү болгон. Алгачкы өнүгүү баскычында турган долбоорго НАСА дагы катышкандыгы белгиленди.
"Миссия: невыполнима" сериясынын жетинчи жана сегизинчи бөлүктөрүн чыгаруу пландалууда. Алар франчайзингдеги акыркы тасмалар болот. Ал эми аталган фильмди коомчулукка 2021-2022-жылдары чыгаруу пландаштырылган, бирок коронавирус пандемиясынан улам качан чыгары белгисиз бойдон калууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Islam98

07.12.2020. 15:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Том Круз Америкалык Джеки чан десек болот.Андай каскадёр болбосо да баардык оор трюктарды озу кылат!Азамат!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.