Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганычы нормасынан 4 эсе жогору
Бүгүн, 7-декабрга саат 9:50гө карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганычы нормасынан 4 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганычын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүүгө мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 63 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 135). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 64 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 105).
Аламүдүн-1 кичи району – 102 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 211).

