super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. "Манасиаданын" жеңүүчүлөрү аныкталды

 

30-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында спорттун бир нече түрү боюнча өткөн "Манасиада" жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду Каракол шаарынын спортчулары багындырса, 2-орунга  Ак-Суу районунун спортчулары ээ болушту. Ал эми 3-орун Түп районунун спортчуларына тийди. Белгилей кетсек, мелдешке 1200 спортчу катышып, аны өткөрүүгө 227 миң сом бөлүнгөнү айтылды. Облус башчысы Эмил Каптагаевдин атынан 2014-жылды дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушу менен өлкө башчысынын дарегине кат жөнөтүлгөнүн билдирди Муканбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: