Пакистан Кыргыз өлкөсүнө 18 миң долларды түзгөн гуманитардык жардам көрсөттү
Кыргыз өлкөсүнө Пакистан Ислам Республикасы кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 5-декабрда Пакистан тарабынан тапшырылган жардамды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев кабыл алды.
Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 18 миң доллар, салмагы 1 тонна 200 килограммды түзгөн керектүү дары-дармектерди жана медициналык коргонуучу каражаттар берилди.
Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев бул биринчи жана акыркы жардам эмес экенин белгиледи.
Пакистан элчилиги Кыргыз өлкөсүнө жалпы суммасы 18 миң долларды түзгөн гуманитардык жардам көрсөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















