super.kg logo

"Гуманитардык жардам беребиз, акча которуп койгула". Бишкек шаардык мэриясы алдамчылардан сак болууга чакырды

 

Өзүн "мэриянын кызматкеримин" деп тааныштырып, акча чогултуп жүргөн алдамчылардан сак болгула. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрияга алдамчылардын торуна түшүп калган бир нече адам кайрылган.

Аларга социалдык тармак жана мессенжерлер аркылуу өздөрүн мэриянын кызматкерлери, жетекчилербиз деп тааныштырган адамдар жазып, ар кандай шылтоо менен (гуманитардык жардам, техника алуу) акча которуп коюуну өтүнүшкөн.

"Мэрия мындай жол менен акча чогултпайт жана чогулткан эмес. Муниципалитеттин бир дагы кызматкери минтип билдирүү жазбайт, алар мыйзамдын негизинде гана иштейт",- деп жазылат маалыматта.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы мындай билдирүүлөрдү расмий булактардан тактап турууну эскертип, кимдир бирөөдөн ушул өңүттө билдирүү келсе милицияга, 102 номерине чалууну суранат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: