Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнө карата активдүү ыктыярчылар сыйланды (фото)









5-декабрь бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылар күнү менен бир катар ыктыярчылар сыйланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, активдүү ыктыярчыларга ыраазычылык катты социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева тапшырды.
"Активдүү ыктыярчыларды бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылар күнү менен куттуктайбыз. Ар бириңиздерге жана команданын мүчөлөрүнө жакшы иштери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Аталган сыйлык менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, ырчылар Бактыгүл Бадыева, Анжелика, менеджер Миргүл Эсеналиева жана башкалар сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.