super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кыдыралиев: "Мамлекеттин үч бутагы тең жакшы иштебей жатат"

 

Бүгүн, 7-декабрда Конституциялык кеңештин жыйынында депутат Үмбеталы Кыдыралиев азыр саясий кризис болуп жатканын айтты.

"Азыр саясий кризис болуп жатат. Бул эмнеден чыгып жатат? Мамлекеттин үч бутагы тең жакшы иштебей жатат. Эл эмнеге 90 депутат болсун деп жатат? Эң биринчи критерийи акча көп кетип жатат деген экен. Акча көп кетип жатат деген 20-маселе. Эгерде Жогорку Кеңеш сапаттуу мыйзамдарды чыгарып сапаттуу иштесе коррупция жок болот. Кыргыз мамлектинде экономика 60 пайыз көмүскөдө. Мыйзамдар жакшы иштебеген үчүн коррупция болуп жатат. Жогорку Кеңештин көзөмөл функциясы бар. Кытайдын тышкы соода боюнча статистикасына таянсак, экспорт 4,5 миллиард доллар болсо, Кыргыз мамлекетинин импорту 1 милилард долларды түзүп жатат. Ушул нерселер көзөмөлдөнүшү керек. Иштей албаган депутатты эл чакыртып алсын. Өзүбүздө болуп жаткан маселени анализ кылып, андан кийин башка маселеге өтсөк", - дейт Кыдыралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: