Ош шаарында милициянын кайгуул кызмат бөлүмү иштей баштады




Бүгүн, 7-декабрдан баштап Ош шаарында милициянын кайкуул кызмат бөлүмү иштей баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, саат 09:00дөн баштап Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн биринчи этабы менен 114 кызматкери талапка ылайык бардык техникалык жабдуулар менен камсыздалып иштей баштады. Шаар боюнча 219 бош орунга 497 талапкердин арыздары кабыл алынып, алардын 129у конкурстук тандоодон ийгиликтүү өтүп, ИИМдин атайын окуу жайында 3 айлык окутуу курсун баштаган. Ошондой эле ушул жылдын сентябрында 90 бош орунду ээлөөгө конкурстун экинчи этабы башталган. 2018-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен милициянын кайгуул күзөт кызматын бириктирип милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча реформалоо чечими кабыл алынган.
"Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлеринин негизги милдети коомдук жайларда коопсуздуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо. 102 байланышы боюнча, келип түшкөн чакырууларды камсыз кылышат.
Ош шаары 11 чарчы тилкесине бөлүнгөн, 15 маршруттук таксилер боюнча жөө патрул жана 22 кызматтык унаалар менен унаа патрулу эки нөөмөттө кызмат алып барат", - деп билдиришти милициядан.



1 |