Садыр Жапаров VS Өмүрбек Текебаев... Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын жыйындысы бир шилтемеде
Бүгүн, 7-декабрь, күнгө дүйшөмбү. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.
Сапар Исаков өлкөдө болушу мүмкүн...
Жогорку Сот Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды. Эми бул иш райондук сот тарабынан кайра каралат. Аталган кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылган эле. 5-6-октябрдагы толкундоолор учурунда убактылуу абактан чыгарылган Исаков, кайра жаза өтөө мекемесине кайтып келген эмес. Кийинчерээк анын Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалымат тараган. Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, аны качып кетти дегенге негиз жок.
"Сапар Исаков качып кетти деген маалыматтар тарап жатат. Бирок антип айтууга негиз жок. Анткени милиция анын өлкөдөн чыгып кеткенин, чек арадан өткөнүн аныкташы керек. Ошондо гана качып кетти деп айтса болот. Исаковдун кайда экени тууралуу менде дагы маалымат жок. Ал дайынсыз болуп жаткандан бери байланышкан жокпуз. Үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок. Балким, ал өлкөдө болушу мүмкүн", - дейт Жоошев.
Садыр Жапаров VS Өмүрбек Текебаев...
Мындан 2 апта мурун Садыр Жапаров өзүнүн маегинде "Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын" деп айткан. Текебаев ага жооп иретинде өзүнүн маегин социалдык тармакка жүктөп, анда "мени аксакал болуп бер деп "дүжүр чалга" айландыргылары бар деди. Текебаевдин айтымында, ал Садыр Жапаров менен 5 ирет жолуккан.
"5 жолу тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, "колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз" деп өтүнүштү", - дейт Текебаев.
Ага удаа эле Садыр Жапаровдун жаңы билдирүүсү жарыяланды. Ал Текебаев жазган мыйзам менен өлкө 10 жыл жашап, 30 жыл артка кетти деп эсептейт.
"Өмүрбек Текебаев "Садыр Жапаров сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 30 жыл артка кетебиз" дептир. Тескерисинче, Текебаевдин Баш мыйзамы менен 10 жыл жашап, 30 жыл артка кеттик. Муну бүгүнкү жашоо-турмушубуз айдан ачык далилдеп отурат. Бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебеси тастыкталды. Партиялык шайлоо менен келген парламенттик башкаруу системасы, Кыяз Молдокасымов агабыз айткандай, кызылдай эле бизнеске айланып кетти", - дейт Жапаров.
Президенттик тактыны көздөгөндөр 13 кишиге азайды
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө берилген арыздардын негизинде13 талапкердин арыздарын канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү, шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Алар: Турсунбай Бакир уулу, Бакытбек Жумагулов, Кубанычбек Исабеков, Жамбылбек Камчиев, Арсланбек Малиев, Абдыкаар Сыдыков, Базарбай Темишов, Акжолтой Тукунов, Сазыкбай Турдумалиев, Садык Шер-Нияз, Санжарбек Энназаров, Азамат Эсенбеков жана Адилет Маматов.
Белгилей кетсек, буга чейин 20 талапкер шайлоо талаптарына ылайык, 30 миңден кем эмес кол чогултуп, 1 миллион сом күрөө акчасын төлөгөн. Алардын арасынан Кубан Чороевдин "тагдыры" азырынча белгисиз. Муну БШК кол топтоо баракчаларына байланыштуу мыйзамда жазылган пунктунун Чороев тарабынан аткарылбай калышы менен байланыштырды. Эми Чороевдин талапкерлигин каттоо же анын талапкерлигин алып салуу маселеси БШКнын жыйынында чечилет.
Мамытов Москвада
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Орусияга учуп кетти. Алгач иш сапарын белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен баштаган Мамытовдун орус парламентинин төрагасы Вячеслав Володин менен жолугары мерчемделген. Жолугушууда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз-Орус алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Андан кийин президенттин милдетин аткаруучу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушат.
Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.
Мамытовдун Москвага болгон сапарынан кандай майнап чыгарын күзөтүп туралы.
кошулду
Автор: Бекболот Сарыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.