Талас облустук китепканасы жаңы имаратка муктаж





Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепкана учурда өзүнчө имаратка муктаж. Мындай маалыматты маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков менен жолугушуу учурунда китепкананын директору Телегей Жаркыналиева билдирген.
“Китепканага китеп батпай, окурмандарды пандемия шартында кабыл алып жатабыз. Китептерди сактоого жана окурмандарды көп кабыл алуу ниетибиз бар. Бирок, биз жайгашкан имарат тар болгондуктан, аны ишке ашыруу мүмкүн болбой жатат”, - деген директор.
Учурда китепканын жанында жер тилкеси фундамент менен даяр. Аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен акча каражат керектелет.
Министр Кадырбеков азыркы бюджеттик тартыштык олуттуу көйгөй болуп турганда демөөрчүлөрдү тартуу менен маселени чечүү аракетин көрөрүн айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.