Жогорку Сот Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча мурдагы соттордун өкүмүн жокко чыгарды
Жогорку Сот Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды. Маалыматты SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев тастыктады.
"Сот жактоочулардын келтирген өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарды. Эми бул соттук иш райондук сот тарабынан кайра каралат", - деди Жоошев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. 9-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду айыптуу деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.
Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган. Алар:
- Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков;
- Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
- Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
- Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
- Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
- "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.







1 |