"Тез жардам" кызматы бейтаптарды ооруканага жаткырууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканы айтылды
Бишкек шаарындагы "Тез жардам" кызматы соматикалык оорулар менен ооругандарды ооруканага жаткырууда кыйынчылыктарга туш болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаардык мэрияда өткөн жыйында "Тез жардам" борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.
Жыйында Шаяхметов учурда пневмония жана COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо деңгээлинин төмөндөшү байкалып жатканын дагы кошумчалады.
"Жай мезгилиндегидей бейтаптарды жаткырууда көйгөйлөр жок. Бизде онлайн режимде иштеген ооруканалардын картасы бар, анда акысыз орундардын бар экендигин дароо көрсө болот. Бирок соматикалык оорулар боюнча көйгөй бар. Алар гипертониялык оорулар, кант диабети, инсульт.
Азыр мектептерди ачуу же ачпоо боюнча талаш-тартыштар жүрүп жатпайбы. Азыр курч респиратордук вирустук инфекциянын өсүшү жок деп айтсак болот, анткени мектептер жабык. Болбосо чоң өсүш болмок", - деп билдирди Шаяхметов.

