super.kg logo

Мэрия кинотеатрлардагы санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүдө

 

Бишкек шаарынын мэриясы ишкердик субъектилеринин санитардык эрежелерди сакталышын текшерүүнү кайрадан баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинотеатрлардын, ашкана аянтчаларынын, компьютердик клубдардын жана башка көңүл ачуучу мекемелердин ишине көбүрөөк көңүл бурулууда, анткени алар жакында, 1-декабрдан тарта иштей башташты. Санитардык рейддер калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаеванын жеке көзөмөлүндө.

"Жакынкы күндөрү Биринчи май райондук администрациясынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн, МАБдардын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, РИИБинин адистеринен турган мобилдик топ "Ала-Тоо", "Россия" кинотеатрларын жана райондогу компьютердик клубдарын текшерүүгө алышты. Кызматкерлердин жана меймандардын арасында бет кап тагынуу режимин сактоо, кинотеатрларда кардарлардын шахмат түрүндө отурушу жана башка санитардык талаптар сакталууда.

"Мото" соода борборундагы "Underground" оюн клубунда мыйзам бузуулар аныкталды, атап айтканда, мекеменин администрациясы көп кардарларды киргизип, бет кап тагынуу режимин сакташкан эмес.

Оюн клубунун администрациясына эскертүү берилип, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды милдеттүү түрдө сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: