Депутат Айнуру Алтыбаева медициналык дары-дармектердин баасын жөнгө салуу зарылдыгын айтты
Депутат Айнуру Алтыбаева медициналык дары-дармектердин баасын жөнгө салуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин ишмердүүлүгү боюнча маселени карап чыгуу керек. Медициналык дары-дармектердин баасын жөнгө салуу зарыл", - деди ал.
Алтыбаева ошондой эле медицина кызматкерлеринин ишин баалоонун критерийлерин кайра карап чыгууну сунуштады. Депутат Марлен Маматалиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинде чет өлкөлөрдө кымбат баалуу операцияларды жасатууга мажбур болгон жарандар үчүн каржылык каражат каралышы керек экендигин айтты. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева камсыздандыруу системин кайра кароо зарыл экендигин баса белгиледи.

