super.kg logo
  Спорт  

Азия жеңил атлетика ассоциациясынын президенти Кыргыз өлкөсүнө келип кетти

 

5-декабрда Бишкек шаарында жеңил атлетика Федерациясынын президенти Канат Аманкулов Азия жеңил атлетика ассоциациясынын президенти Катар шейхи Дахлан Жуман Аль-Хамад менен жолугушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар окуу-машыгуу жыйындар жана даярдануу усулдары менен өз ара алмашуу маселелери боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Мындан тышкары, дене тарбия жана спорт кызматкерлери үчүн конференцияларды, семинарларды өткөрүү пландалууда. Канат Аманкулов ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл 8-эл аралык марафонуна даярдануу алкагында марафондун жолу 2019-жылы сертификациядан өткөндүгү тууралуу айтып кетти. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык марафон дирекциясы Эл аралык жеңил атлетика федерациялардын ассоциациясына (World Athletic) Ысык-Көл марафонуна коло даражасын алуу үчүн табыштама жөнөтүүнү пландаштырууда.

Канат Аманкулов ассоциациянын президентине ШКУ марафонунун эстелик медалын тапшырды.

Ошондой эле Дахлан Жуман Аль-Хамад Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ведомствонун директору Мамагенттиктин, Улуттук олимпиадалык комитетинин жана спорт федерациялардын ишин уюштуруу жөнүндө, жеңил атлетикада акыркы жетишкендиктер жана аталган спорттун түрүн өнүктүрүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: