Samsung компаниясы 600 мегапикселдүү смартфон камерасын ойлоп тапты
Samsung компаниясы адамдын көзүнүн көрүүсүнөн күчтүү камеранын үстүнөн иштеп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Samsung компаниясы 600 мегапикселдүү смартфон камерасынын үстүнөн иштеп жатат.
Сенсордун өлчөмү 1/1 0,57 дюймду түзүп, смартфондун аянтынын болжол менен 12 пайызын ээлейт. Ойлоп табуунун натыйжасында камера бир чоң линзадан турат.
Эксперттердин айтымында, адамдын көзүнүн көрүүсү болжол менен 576 мегапикселди түзөт. Камеранын сенсору смартфондун корпусунан болжол менен 22 миллиметрге чыгып турат. Буга салыштырмалуу Samsung Galaxy Note20 флагманынын корпусунун калыңдыгы болгону 8,3 миллиметрди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.