super.kg logo

"Бардык мезгилдердин эң жалкоо биринчи айымы". Мелания Трамп эл алдына кымбат баалуу кийим кийип чыгып сынга кабылды

 
АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп эл алдына кымбат баалуу бренддин кийимин кийип чыгып, сынга кабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал күйөөсү, АКШнын президенти Дональд Трамп менен бирге Жорджия штатындагы митингге катышкан. Ал бул иш-чарага 6 миң 200 долларга (526 миң сом) бааланган Alexander McQueen брендинин куру бар кызыл булгаары плащты тандап алган. Мындан тышкары, Мелания кара түстөгү көйнөк жана ошол эле түстөгү кыска юбка кийип жүргөн. Ал эми бутуна зебранын терисинен тигилген такалуу туфли кийген. Туфлисинин баасы болжол менен 875 долларды (75 миң сомго жакын) түзөт.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Мелания Трамптын кийимдерин сынга алышып, ар кандай пикирлерди айтышууда. Айрымдары стилдүү кийингенине суктанса, көпчүлүгү "Плащ жийиркеничтүү. Менин оюмча, анда кан тамчылап жатат", "Бул ири митингдерди бет капсыз өткөрүү жоопкерчиликсиздик", "Биринчи айым эттин чоң бөлүгүнө окшош", "Бардык мезгилдердин эң жалкоо биринчи айымы. Он миң долларга кийинүү анын жетишкендиги" деген сыяктуу терс пикирлерди калтырышууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
07.12.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булар ажырашып журушподу беле, жетелешип журушотго
08.12.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биздеда биро коррупционер бар 3000 долларга куртка кийген)
08.12.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчамы болсо кийе берсинда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: